Камчыбек Ташиев: “Мамлекеттик ууру чиновниктер бай жашап, коомго таасирин тийгизбеши керек”

Автор

“Коомубуз аябай тартипсиз болуп кеткен. Рекеттер, ууру чиновниктер жана кримминалдык топтор пайда болгон. Ушул үч топ мамлекетте мафиялык топторду түзүшкөн. Мына, бүгүнкү күнгө чейин ошолордон арылалбай келатабыз”,- деди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.
Ал Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы спорт колледжинин абалы менен таанышып, окуучулар жана мугалимдер менен жолугушту. “Криминалдар коомду башкарбаш керек. Алар таптакыр болбош керек. Ал эми мамлекеттик ууру чиновниктер бай жашап, коомго таасирин тийгизбеши керек. Мектептеги дедовщинага, рекетчиликке жана үстөмдүккө жол берилбейт. Ким ушул жолго барса, жоопко тартылат. Ким күчтүү болсо, күчү менен жеңип кеталбайт. Күч менен жеңгиң келсе, рингге, мелдешке, стадионго, килемге чык, күчүңдү сына. Күчү азга үстөмдүк кылуу бул – илдет. Бул үчүн жооп бересиңер”,- деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Россия менен Франциянын коргоо министрлери сүйлөштү

Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу менен Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорну телефон аркылуу сүйлөштү. Анда француз министри Москванын жанындагы Крокус Сити Холлдогу терактты айыптады. Шойгу террордук чабуулду уюштурууда “украин изи” тууралуу маалымат бар экенин жарыялады. Франциянын коргоо министри Украинаны жана батыш өлкөлөрүн терактка тиешеси жок деп ынандырууга аракет кылды. Сергей […]

Сизге жагышы мүмкүн