Кыргыз футболдук союзунун кезексиз Конгресси бүгүн, 19-февралда өтүп, анда союздун жаңы жетекчилик курамы шайланды.
Кыргыз футболдук союзунун Президенттик кызматына бир гана талапкер — Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич көрсөтүлүп, бир добуштан 2026-жылга чейин жетекчиликке шайланды.
Эске салсак, 31-январда президент Садыр Жапаров атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге Кыргыз футбол союзунун жетекчиси болуу сунушун бергенин билдирген.
Дарыгерлер Түркияда органдарды алмаштыруу боюнча даярдыктан өтүүдө
Дүй Фев 19 , 2024