Камчыбек Ташиев Кыргызстан футболдун өлкөсү болорун айтты

Автор

Кыргыз футболдук союзунун кезексиз Конгресси бүгүн, 19-февралда өтүп, анда союздун жаңы президенттигине Камчыбек Ташиев шайланды.
Конгрессте Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип, алдыдагы иштерди 3 көйгөйдү чечүү менен баштай турганына токтолду. Ал балдарды ойнотконго шарт жоктугун белгилеп, футбол инфраструктурасын өнүктүрүү керектигин айтты.
“Учурда Бишкектин четиндеги Орок айылында стадиондун курулуш иштерин жакынкы 10-15 күндүн ичинде баштоону пландап жатабыз. Биз стадионду эки жылда курабыз деген ойдобуз. Долбоор менин жеке көзөмөлүмдө”, – деди
Ташиев “Өлкөнүн ар бир айылында футбол аянтчадарды курабыз. Кыргызстан футболдун өлкөсү болот. Футбол башка тармактардагыдай эле кесип. Үчүнчү, ич ара мелдештерди уюштуруу маанилүү”, – деп кошумчалады
Эске салсак, Ташиев Камчыбек Кыргыз футболдук союзунун Президенттик кызматына бир добуштан 2026-жылга чейин шайланды.

Бөлүшүү:
Next Post

Барымтадагылар кайтарылбаса, аскердик операция кеңейери айтылды

Израилдин коргоо министри Бенни Ганц Рамазан айы башталганга чейин ХАМАС тарабынан барымтага алынгандар кайтарылбаса, Израил күчтөрү Рафахтагы аскердик операцияларын кеңейтерин билдирди. “Биз муну координацияланган түрдө жасайбыз, америкалык жана египеттик өнөктөштөрүбүз менен сүйлөшүүдө жарандардын эвакуацияланышына көмөктөшөбүз. ХАМАСтын тандоосу бар. Алар багынып беришсе барымтадагыларды бошотуп, Газанын жарандары ыйык Рамазан майрамын белгилей алышат”,-деди […]

Сизге жагышы мүмкүн