Камчыбек Ташиев Кыргызстандын жаштар курамасын Азия Кубогуна чыгышы менен куттуктады

Автор

Бүгүн, 30-сентябрда Кыргыз футбол биримдигинин башчысы Камчыбек Ташиев футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасынын эртең мененки тамактануусуна катышып, команданы, машыктыруучулук жана административдик штабдын мүчөлөрүн 2025-жылкы Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө чыгышы менен куттуктады.
Ошондой эле курама команданы куттуктоого биринчи вице-президент Нурдин Букуев, башкы катчысы Медербек Сыдыков жана улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын дагы келди.
Өз кезегинде команданын башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов жана жаштар курама командасынын вице-капитаны Атай Эшенкулов КФБнын жетекчилигине командага көрсөткөн колдоосу жана ишеними үчүн ыраазычылык билдиришти.

Бөлүшүү:
Next Post

Ноокаттагы «Улуу-Тоо» кенине караштуу 381 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Ноокаттын Көк-Жар айылында жайгашкан «Улуу-Тоо» кенине караштуу 381,74 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүдө Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 1998-жылдагы токтомунун негизинде, Найман айылдык аймагында (учурда Көк-Жар) жайгашкан «Улуу-Тоо» кенине караштуу жер пайдалуу кен-байлыктары (сымап) менен бирге Р.У.Т. аттуу компанияга өткөрүлүп берилгендиги аныкталган. Прокуратура […]

Сизге жагышы мүмкүн