Камчыбек Ташиев коррупция кылгандар сөзсүз камаларын айтты

Автор

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда коррупция азайганы менен толук жоюлбай жатканын билдирди. Бул тууралуу атайын кызматтын жетекчиси Баткендин Кадамжай районунда УКМКнын бөлүмдөрүнүн жаңы имаратын ачуу иш-чарасында айтты.

“Коррупцияга шектелип кармалган бирөө-жарымды алып келип эки, төрт, алты айга камап тергөө иштерин жасайбыз. Алар “туура ушуну кылдык” деп кылмыш ишин моюнга алышат. Андан кийин тергөө органдары менен кызматташууга барышат. Анын баары мыйзам чегинде. Иш сотко өткөндө сот аларды айып пул менен бошотуп коюуда. Айып менен бошогон коррупционер бир же эки жылдан кийин эле кайра мамлекеттик кызматка келип алып мурдагы ишин жасап атат. Ошондуктан биз мыйзамдарга өзгөртүү киргизебиз. Мындан ары коррупция же башка кылмыш кылгандар тергөө менен кызматташууга барса болот бирок мыйзамда каралган жазанын жок дегенде жарымын түрмөдө өткөзүшү зарыл. Андан сырткары коррупция кылгандар жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалангандар сөзсүз абакка түшүш керек. Эч ким түрмөдөн качып кетпеши керек. Ушундай гана катаал жаза менен коррупцияны токтото алабыз. Пара алуу, пара берүү жана коррупция менен кармалгандар кайра мамлекеттик кызматка келбеши керек. Ошондой эле коррупция жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу менен кармалгандардын жакындары, бала-чакасы, ата-энеси, бир туугандары мамлекеттик кызматка алынбашы керек. Коррупционерлер өзүн ойлобосо да жакындарын ойлосун”, – деди Камчыбек Ташиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Кайсы жашылчалар ден соолукка пайдалуу -тоңдурулганбы же консерваланганбы?

Консерва тоңдурулган азыктарга караганда көбүрөөк иштетүүнү талап кылат жана аш болумдуулугун азыраак кылат. Бул тууралуу доктор Сурампудинин жазып чыкты. Анын айтымында консервалоо процесси тамак-аштын ар кандай түрлөрү үчүн өзгөрөт, бирок жалпысынан тамак-аштын узак убакыт бою керектөө үчүн коопсуз болушун камсыз кылган үч негизги кадамды камтыйт. Тоңдурулган жашылчаларда консерваланган жашылчаларга караганда […]

Сизге жагышы мүмкүн