Камчыбек Ташиев ЖОЖдордун кызматкерлери менен кеңешме өткөрдү. Эмнелер талкууланды?

Автор

Бүгүн, 16-январда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын жогорку билим берүү системасынын кызматкерлери менен кеңешме өткөрдү.
Кеңешме УКМКнын Академиясынын имаратында Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигинин (орун басарлары), ЖОЖдордун ректорлорунун, кесиптик лицейлердин жана колледждердин директорлорунун катышуусунда өттү.
Жолугушууда Камчыбек Ташиев жогорку билим берүү системасынын кызматкерлерине улуттук коопсуздук органдары тарабынан аткарылып жаткан иштердин жыйынтыктары тууралуу кыскача маалымат берди. Алсак, 2020-жылдын октябрынан азыркы учурга чейинки аралыкта тарыхта биринчи жолу мамлекетке 168 миллиард 287 миллион сом өлчөмүндөгү ири зыяндын орду толтурулду.1174 объект мамлекеттин менчигине кайтарылды (жер, бала бакчалар, пансионаттар, стадиондор, заводдор ж.б.). Ал эми 1373 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылганы маалымдалды.
Жогоруда көрсөтүлгөн мезгил аралыгында билим берүү тармагы боюнча УКМК тарабынан жогорку билим берүү системасынын 34 кызматкери – 4 ректор, 1 проректор, 10 директор, 6 декан жана алардын орун басарлары, 13 окутуучу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Коррупциялык көрүнүштөргө аралашкандыгы үчүн 42 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулуп, жумуштан алынган. Мамлекеттин кирешесине 207 млн 700 миң сом кайтарылган.
Ташиев белгилегендей, козголгон жана иликтенип жаткан кылмыш иштерин талдоо көрсөткөндөй билим берүү тармагындагы коррупция учурлары ар түрдүү формаларга, коррупциялык зоналарга ээ болуп, мындай мыйзам бузуулар көп кездешет. Тагыраагы, ЖОЖдордун ишмердүүлүгүн лицензиялоо жана аккредитациялоо, ЖОЖго кирүү, ЖОЖдордун билим берүү ишмердүүлүгү, ЖОЖдордун финансылык-чарбалык ишмердүүлүгү, окуу жайлардын мамлекеттик сатып алуулар, ЖОЖдордун кадр саясатын ишке ашыруу, бул билим берүү тармагындагы коррупциялык зоналардын жана тобокелдиктердин толук тизмеси эмес, айрым ак ниетсиз окутуучулар жана жетекчилер академиялык бүтүндүктү сактабастан өздөрүнүн окуу жайында коррупциянын жайылышына өз салымын кошуп жаткандыгы белгиленди.
Аны менен катар УКМК төрагасы “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамынын нормаларына ылайык, 2025-2026-жылдары УКМК өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин кыскартууну пландап жатканын, бүгүнкү күндө көрсөткүч 30-40 пайыздык деңгээлде болуп, ал эми мурдагы мезгилдерде үрөй учурган 70-80 пайызды түзгөндүгүн билдирди.
Сөзүнүн аягында УКМК төрагасы коррупция сыяктуу ыплас иштер менен биргелешип күрөшүү керектигин айтып, ар бир кызматкерди таза жана адилеттүү иштөөгө, жемкорлукту жок кылууга чакырды.

Бөлүшүү:
Next Post

UFC президенти Конор Макгрегор октагонго качан кайтып келерин айтты

Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) президенти Дана Уайт эки салмак категориясы боюнча промоушендин мурдагы чемпиону Конор Макгрегордун октагонго кайтып келиши боюнча суроого жооп берди. “Ал күзүндө октагонго кайтып келет деп үмүттөнөм”, – деди Уайт спорт программасында. Ирландиялык спортчу 2021-жылдын жай айларында АКШнын өкүлү Дастин Порьеге утулуп, бутун сындырып алгандан бери мелдешке […]

You May Like