Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт жатак-мектебине барды

Автор

Бүгүн, 25-октябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт жатак-мектебинин абалы менен таанышты. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган мекеменин имараты 1906-жылы курулуп, учурда абалы толугу менен пайдаланууга жараксыз болуп калган. Эски имарат эбак эле авариялык абалга келген. Бирок, ушул мезгилге чейин эч бир мамлекеттик орган тарабынан көңүл бурулган эмес жана оңдоп-түзөлгөн эмес. Кайрылуулары жоопсуз калып келген. Жатак-мектептеги 30 бала мурдагы жылдан тартып башка жерге убактылуу көчүрүлгөн. Бирок ал жерде дагы жатакана жок болгондуктан, башка жатаканаларда жатып, сабак окуп жүрүшөт. Андыктан, көркөм-сүрөт жатак-мектеби жаңы имаратка муктаж.
Камчыбек Ташиев жеринде бардык абалды көрүп чыгып, тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Ага ылайык, жатак-мектептин бардык эски имараттары бузулуп, ордуна 100 орундуу заманбап шарттарды камтыган Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт жатак-мектеби курулат. Мекемеде көркөм сүрөткө кызыккан балдар жана кыздар облус аймагынан келип, аталган мекемеде жатып, билим алууга толук мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
Камчыбек Ташиев курулуш иштери жакын арада башталып, келээрки жылдын аягына чейин толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилиши керек экенин тийиштүү жетекчилерге милдеттендирди.
Ташиев бул объектини куруу иши өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде аткарылып баштаганын жана курулушту көзөмөлдөө жагын өзү колго алаарын белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Британиянын коргоо министри армиясы согушка даяр эмес экенин айтты

Улуу Британиянын коргоо министри Жон Хили Бириккен Падышалыктын куралдуу күчтөрү мүмкүн болчу согушка даяр эмес экенин моюнуна алды. Анын айтымында, мурунку министрлер кабинетинин учурунда жетишсиз каржылоо армиянын мүмкүнчүлүктөрүн азайткан. «Бириккен Падышалык, башка көптөгөн өлкөлөр сыяктуу эле аскердик операцияларды жүргүзүүгө өзгөчө даярдыкка өткөн. Бирок биз даяр болбогон нерсе – бул согуш»,-деген […]

Сизге жагышы мүмкүн