Камчыбек Ташиев «Достук» чек ара бекетин күтүүсүз текшерди

Автор

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен жергесине жасаган жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарында жайгашкан кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» чек ара бекетин күтүүсүз текшерди. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ташиев ал жердеги реалдуу абал менен таанышып, кемчилдиктерди көрүп, тийиштүү жетекчилерге жана кызматкерлерге жеринен тапшырмаларды жана эскертүүлөрдү берди.
Камчыбек Ташиев чек ара өткөрүү пунктунда эки тарапка өтүп жаткан жарандардын узун кезекте турганына күбө болду жана мындай абалга жол берип жаткан кызматкерлерге ыкчам иштөөгө, айрыкча жарандардан жана унаалардан пара алууга, коррупцияга жол берилбеши керектигин катуу эскертти.
Алдыда дагы өлкө аймагындагы чек ара өткөрмө жайларына жана башка мекемелерге күтүүсүз текшерүүлөр менен бараарын, эгер талаптагыдай жумуш жүрбөй жаткан болсо, аёосуз чаралар көрүүлөрүн белгиледи

Бөлүшүү:
Next Post

Путин Россиянын өзөктүк доктринасын өзгөртүүнү сунуштады

Беларуссия союздук мамлекеттин курамында болгондуктан, ага карата агрессия болгон учурда ядролук курал колдонуу укугун Россия өзүнө алат. Бул тууралуу президент Владимир Путин РФ Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди. Президент бул иш-чараны биринчи жолу ачык өткөрдү. Путин өзөктүк доктринага ядролук куралды колдонуу шарттарын аныктоо боюнча бир катар тактоолорду киргизүүнү сунуштады. «Россияга каршы […]

Сизге жагышы мүмкүн