Камчыбек Ташиев добуш сатып алуулар боюнча үн катты

Автор

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү шайлоолордо добуш сатып алуулар болбой тургандыгын бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.
Ташиев “Биз мамлекет тарабынын шайлоону таза өткөрүү боюнча бардык шарттарды түзүп бердик. Мамлекет бир да талапкерди колдобойт. Эл колдосун, эл добуш берсин. Мына кечээ эле бир партиянын үгүтчүлөрү шайлоодо добуш сатып алууга тизме түзүшкөн. Анда канча акча берилээри,баардыгы жазылган. Алардын 3-4сү кармалды. Мындай текшерүүлөр уланат. Ошондуктан добуш сатып алууга барбагыла”, -деди

Бөлүшүү:
Next Post

Райымбек Матраимов 200 млн доллар төлөп, камактан бошогон

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовдун эмне үчүн түрмөдөн бошоп, үй камагына чыкканын айтып берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди. Анын айтымында, Матраимов өлкө бюджетине 200 млн доллар төлөгөн. Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовго «чек арадан мыйзамсыз өтүү», «бейбаштык», «кылмыштуу кирешелерди адалдоо» беренелери […]

Сизге жагышы мүмкүн