Камчыбек Ташиев Бишкектеги окуя боюнча билдирүү жасады

Автор

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарында түнү чет элдик жарандар менен жергиликтүүлөр ортосунда чыккан чыр боюнча чукул билдирүү жасады.
Ал Бишкекте түнү 700гө чукул жаштар топтолгонун, алар өлкөдөгү мыйзамсыз миграция менен күч органдары жакшыраак күрөшүүсүн талап кылганын билдирди.
Ошондой эле ал кайрылуусунда мамлекеттик органдар мыйзамсыз миграция менен күрөшүп келгенин, буга чейин эле миңдеген Бангладеш жарандары депортацияланганын айтып өттү.
Андан сырткары түнү Бишкекте болгон окуяда көпчүлүктүн арасында провокациялык аракеттерге барууга аракет кылгандар болгонун, айрымдары курал да көтөрүп жүргөнүн айтып, алар кармалганын айтты.
Кайрылуусунун аягында бул окуяны саясий өңүткө бурууга аракет кылгандарга чара көрүлөт деп эскертти.

Бөлүшүү:
Next Post

Туура тамактануу деген эмне?

Туура тамактануу организмдин жеке муктаждыктарына ылайык белок, углевод, май, витаминдер жана минералдар сыяктуу бардык керектүү азыктарды тең салмактуу колдонууну камтыйт. Ошондой эле кайра иштетилген тамак-аштарды колдонууну чектөө, кантты жана тузду азайтуу жана жетиштүү суу ичүү дегенди билдирет. Туура тамактануу бир катар негизги принциптерди камтыйт: 1. Ар түрдүүлүк: бардык керектүү азыктарды […]

Сизге жагышы мүмкүн