Баткенде кайрадан аткезчилик көбөйө баштады. Мына, акыркы жумада эле 2 млн сомго чейин аткезчилик колго түшүрүлдү. Мындай маалыматты УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, орган кызматкерлерине, чек-ара кызматына жана мамлекеттик кызматкерлерге аткезчиликке бөгөт коюу боюнча иш алып барууну сунуштады. “Азырынча чек ара маселеси чечиле элек. Чек-ара ачылмайынча эч кандай аткезчилик болбойт. Биз чек-ара маселесин тынчтык жол менен чечүүгө кызыкдарбыз”,- деди УКМК төрагасы.