Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен шаарында курулуп жаткан мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен таанышты.
Атайын кызматтан маалымдашкандай, ал келе жаткан жылдын күз айларына чейин 1,2 миң батирдин курулушун бүтүрүп, тургундарга берүүнү тапшырды.
Айрыкча курулуп жаткан үйлөрдүн сапатына өзгөчө көңүл буруп, жумушту тездетүү керектигин белгилеген.
Белгилей кетсек, облуста жалпысынан 37 квартал турак жай курулуп жатат. Анда 2364 батир болот.