Камчыбек Ташиев атайын кызматтын ардагерлерине күбөлүктөрдү тапшырды

Автор

Бүгүн, 17-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук министрлигинин (УКМ)- Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) -УКМКнын мурдагы төрагалары, ошондой эле генерал наамындагы экс – орун басарлары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК төрагасы тарабынан чакырылгандардын баарына, КР коопсуздук органдарынын ардагерлерине жаңы үлгүдөгү өздүк күбөлүк тапшырылды. Алардын арасында Т.С.Айтбаев, Ф.Ш.Кулов, Б.Ч. Жанузаков, Б.Б.Табалдиев, Ш.Э.Атаханов, Т.К.Алмаматов, М.Ж.Ниязов жана башкалар бар.
Жолугушуунун жүрүшүндө К.К.Ташиев экс-жетекчилерге бүгүнкү күндө өлкөнүн коопсуздугун жана мамлекеттеги туруктуулукту камсыз кылуу боюнча күч органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыздоо, коомдун, анын ичинде эмгек ардагерлеринин жана укук коргоо органдарынын — пенсионерлердин муктаждыктарын канааттандыруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.
Кошумчалагандай, атайын кызматтардын мурдагы жетекчилери акыркы 4 жылда өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү, республикадагы социалдык-экономикалык бакубаттуулукту жогорулатууну, ошондой эле өлкөнүн жогорку аскердик-саясий жетекчилиги тарабынан улуттук коопсуздукту, укук тартибин, аймактык бүтүндүктү жана конституциялык түзүлүштү коргоону камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды жогору баалашкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Жарылган пейжерлерде 20 граммдан жардыргыч заттар болгону айтылды

Ливандын бир нече райондорунда массалык түрдө жарылган пейжерлерде 20 граммдан ашпаган жардыргыч заттар болгон. Бул тууралуу коопсуздук кызматтарындагы булактарга таянып Al Jazeera телеканалы билдирди. Азыр Ливандын атайын кызматтары бул жардыргыч заттарды кантип ишке киргизгенин аныктоодо. Жарылган түзүмдөрдүн партиясы Ливанга беш ай мурда киргизилген. Биринчи жарылуулар 17-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча 15:45те […]

Сизге жагышы мүмкүн