Камчыбек Ташиев “Акшумкарлар” менен жолугушту

Автор

Камчыбек Ташиев улуттук курама команданын оюнчулары менен жолукту
Кыргызстан – Малайзия футбол боюнча улуттук курама командалардын беттешинин алдында Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев оюнчулар менен жолугуп, алдыдагы беттешке ийгилик каалап өттү.
“Баарыбызды абдан маанилүү оюн күтүп жатат. Сиздердин оюнуңуздар футбол сүйүүчүлөрүнө өлкөбүздөгү футболдун жаркын келечеги бар деген үмүтүн берет.Азыр бардык өлкөнүн сиздерге көз салып турган кези. Андыктан, оюнда жеңишке жетип, Азия Кубогунун жолдомосуна ээ болуп, дүйнө чемпионатынын кийинки раундунда өтөбүз деп үмүттөнөм”, – деди Ташиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 6-июнь саат 9:00гө карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87 сом 40 тыйын болсо, сатуу 88 сом 20 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 31 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн