УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди жана анын үй-бүлөсүн коркуткан катты жазып, коомчулукту дүрбөлөңгө салган шектүү кармалды. Борбор калаанын Биринчи Май райондук соту аны камакка алганы белгилүү болду.
УКМК маалымдагандай, мурда ал эки жолу соттолгон жана аскердик учкуч билими бар.
Ж.А.С. аттуу шектүү 1994-жылдан тартып Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөнү аныкталган
Тергөөнүн жүрүшүндө Ж.А.С. узак убакыт бою УКМК төрагасын коркутуу боюнча атайын даярдык көргөн.
“Ж.А.С. коркутуу максатында генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн дарегине киши өлтүрүү коркунучу бар электрондук форматтагы анонимдүү катты даярдап, андан соң ал катты флеш-картага жазып конвертке салып жиберген”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, Ж.А.С жазган катты Б.М.М. аттуу адам УКМКнын коомдук кабылдамасына жеткирген.
Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда коркутуулар жазылган жашыруун кат даярдалып жаткан компьютерлер алынган.