УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиевге мамлекеттик иштерге аралашпоо тууралуу айтып жаткан үн жазуусу тарады. Анда “уулум сен бирөөлөрдүн ишин бүтүрүп берсең деле, булар мамлекеттин ишине аралашып алган турбайбы”,-деп ойлоп калышат, ошондуктан, кереги жок. Андан көрө өзүңдүн жеке иштериң менен алектен, бирөөгө жардам бер. Эң жакшысы ушул”-деген.
Таймурас Ташиев УКМК төрагасынын уулу. Ал Жалал-Абад шаарында жашап, бизнес менен алектенээри айтылат.