Кыргызстандын жаштар курама командасынын капитаны, Кыргызстандын футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир-Хан Кыдыршаев Словакиянын “Тренчин” футболдук клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу футболдук клубдун сайтында жазылууда.
Маалыматка ылайык, 19 жаштагы коргоочу клуб менен бир жарым жылдык келишимге кол койгон.
Эмир-Хан Кыдыршаевдин “Барселона”, “Леванте” жана “Перуджа Кальчо” клубдарынын жаштар командаларында иштөө тажрыйбасы бар. Ал акыркы жолу испаниялык “Сант Кугат” клубунда иштеген. Ошол эле учурда Кыргызстандын 20 жашка чейинки курама командасынын капитаны», – деп айтылат маалыматта.
Футболчунун басып өткөн жолуна көз чаптырсак:
— 2016 — «Дордой» футбол клубу
— 2018 — А.Момунов атындагы футбол академиясы (Ош)
— 2019 — Италия, Перуджа шаарындагы атактуу футболчу Паоло Россинин футбол академиясы
— 2021 — Испания, Валенсия шаарындагы «Леванте» футбол академиясы
— 2023 — Испания, Барселона футбол академиясы
— 2024 — Испания, Барселона, «Сан Кугат» футбол академиясы.