Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, акча алгандар кармалды

Автор

Камчыбек Ташиевдин атын жамынган эки адам, алдоо жолу менен ишкерден ири суммадагы акча алышкан. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, алдамчылыкка шектелип Ош облусунун тургундары А.М. жана Н.у.С. кармалган.
Шектүүлөр УКМК төрагасынын атын жамынып алып, жеке ишкерлерден ири суммадагы акча каражатын алышкан. Мындан тышкары, Ош облусунун тургуну М.Шга тиешелүү болгон Ош шаарындагы батирдин бир бөлүгүн жасалма документтер менен алышып, мыйзамсыз саткан.
Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, мыйзамсыз аракеттердин башка фактыларын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө

Бөлүшүү:
Next Post

ЖК экс-депутаты Гүлшат Асылбаева экономика министринин орун басары болду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүлшат Асылбаева экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Жаңы кызматка дайындалганга чейин Асылбаев Монополияга каршы кызматтын жетекчиси болгон. Ал кызматта 2023-жылдын сентябрь айынан бери иштеп жаткан. Белгилей кетсек, ал […]

Сизге жагышы мүмкүн