КВЕРТтин (Камчатка жанар тоосунун атылышына каршы күрөшүү тобу) маалыматы боюнча, атылуу жергиликтүү убакыт боюнча 22-июнда саат 23:23төн баштап уланууда.
«Мындай жарылуу тегеректеги айылдардын калкы жана авиация үчүн дагы коркунучтуу эмес»,-деп айтылат билдирүүдө.
Ключевская Сопка – Камчатканын чыгыш бөлүгүндөгү жана Евразиядагы эң активдүү вулкан. Жанар тоонун бийиктиги 4 миң 750 м, жашы 7 миң жылдай.