Камила Талиева: “Сизге, министр катары мугалимдердин баары нааразы”

Автор

“Мугалиммин, таарынсаң Таласка бар дейт кыргызда. Сизге министр катары мугалимдериңиз баары нааразы. Мына, апрель айында Жогорку Кеңеш китептер боюнча мыйзам кабыл алган. Анын бир дагы пункту аткарылган жок. Анан сиз кайдагы Сингапур, кайдагы Малайзияны айтып атасыз”,- деп какты Камила Талиева билим берүү министри Догдургүл Кендирбаеваны.
“Малайзия менен Сингапурду айтпай эле коюңуз. Өзүбүздүн 12 жылдыкка даярдыкты айтыңыз. Китепти даярдаган авторлор менен министрлик жолугушпайт дагы. Керек болсо, мектептер менен байланышыңар жок. Мугалимдер таптакыр начар, абалыбыз оор деп жатат. Сиз болсо, кооз сүйлөп эле кечке Малайзия, Сингапур дей берет экенсиң”,- деп урушту депутат. Билим берүү тармагы боюнча маселе көп экени жашыруун эмес. Жаңы окуу жылы ачылганда китеп жетишсиздигинен эл нааразы болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Түрк аба жолдорунун учкучу учуу учурунда көз жумду

Tүрк аба жолдору авиакомпаниясынын учкучу Илчехин Пехливан Сиэтл – Стамбул каттамында баратып көз жумду. Бул тууралуу ишкананын өкүлү Яхъя Устүн Х социалдык тармагындагы баракчасында жазды. Каттамдын командири Ильчехин Пехливан Airbus 350 учагын башкарган. «Пилот учуу учурунда эсин жоготту. Биринчи медициналык жардам натыйжа берген жок. Ошондо учактын экипажы авариялык конуу чечимин […]

Сизге жагышы мүмкүн