Камила Талиева: “Негизи эле социалдык тармак өлдү. Муну моюндашыбыз керек”

Автор

“Бул эрке министр болду. Элдин маселеси боюнча чалсаң, деги бир телефонун албайт. Кыйраткансып, дайыма эле командировкада”,- деди Камила Талиева саламаттык сактоо министрине издөө салып.
“Бул киши кайсы жакта, көрбөйбүз. Анан эле командировкада. Дайыма президенттин атын сатат. Президент менен жүрөм дейт. Бирок, президент андан миллион эсе мекенчил. Президентти бир колдонот, эки колдонот, анан үчүнчүсүндө президент айтат, “элге жакпадыңбы кет” деп. Бул министр 2-жолу келди, мен ойлодум эле оңолгондур деп. Негизи эле социалдык тармак өлдү. Муну моюндашыбыз керек”,- деп маалымдады депутат.
Ошондой эле ал, бүгүнкү күндөгү медициналык көйгөй боюнча кеңири маселе көтөргөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Вьетнамда бир жыл ичинде экинчи жолу президенти алмашты

Вьетнамда армиянын генералы Лыонг Кыонг жаңы президент болуп шайланды. Аны бул кызматка өлкөнүн парламенти шайлады. Ал 2024-жылдын май айында президент болгон То Ламдын ордуна келди. Август айында То Ламды Вьетнам Коммунисттик партиясынын башкы катчысы кылып шайлашты. Ошентип, ал өлкөнүн саясий иерархиясында жогорку кызматты ээлеп, президенттик кызматты таштап кетти. 67 жаштагы […]

Сизге жагышы мүмкүн