Камила Талиева, ЖК депутаты : “Мамлекеттик мектептерде «Сапат» эл аралык мектептериндегидей шарт түзүү керек”

Автор

Мамлекеттик мектептерде «Сапат» эл аралык мектептериндегидей шарт түзүү керек. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Камила Талиева билдирди.
Эл өкүлү «Биз эмне үчүн «Сапаттагыдай» шартты түзө албайбыз? Азыр ошондой шарт түзө тургандай учур келди. Ошону эске алып, гранттын ар бир тыйынын көзөмөлгө алыңыз», — деди.
Бүгүн парламент Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы мектептерди өнүктүрүүгө бөлүнө турган гранттык жана кредиттик макулдашууну ратификациялап жатат. Мыйзам долбоору жактырылса, 40 млн доллар алынат. Анын 20 млн доллары грант калганы насыя түрүндө.
Жыйынга билим берүү министри Догдургүл Кендирбаева катышып жатат. Ал каражаттын жумшалышына үч этаптуу көзөмөл болорун билдирүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Мелис Тургунбаев кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Тургунбаев Мелис Жусупжанович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулду. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн