“Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга дагы 1 млрд 500 млн сом бөлүнөт

Автор

“Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясын (ГЭС) куруу иштерине даярдык көрүүгө каржы министрлиги казынадан дагы 1 млрд 500 млн сом бөлмөк болду. Ал эми долбоорду ишке ашыруу иштерин баштоого 1 млрд 555 млн сом бөлүнүп, ал сарпталганын Энергетика министри маалымдады.
Белгилүү болгондой, аталган ГЭСти куруу ишине даярдык катары 44,1 млрд сом сарпталат. ГЭСтин курулушуна 2024-2030-жылдарга мамлекеттик бюджеттен дагы кошумча 500 млн доллар бөлүнөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Таласта мөндүр жаап, эгин талаасына зыян келтирди

Бакай-Ата районунда кечээ мөндүр аралаш жамгыр жааган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын кесепетинен Күмүштак айыл аймагынын Кыргызстан, Жон-Коргон жана Биринчи май айылдарында болжол менен 50 гектар эгин талааларына зыян келтирилген. Ошондой эле Боо-Терек айылында каттуу шамал болжол менен 15 турак үйдүн чатырын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат […]

Сизге жагышы мүмкүн