Камала Харрис шайлоо бюллетенин почта аркылуу жиберди

Автор

АКШнын азыркы вице-президенти, Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Камала Харрис өлкө башчысын шайлоо боюнча добушун эрте берип, бюллетенин почта аркылуу жиберди. Ал 5-ноябрда өтө турган шайлоо «курч» боло турганын белгилеп, өзүнүн жеңишине ишенимдүү экенин билдирди.
«Биз жеңебиз деген ниеттебиз. Бул ниеттин бир себеби — сиздин добуш берүүңүз»,-деди Харрис X социалдык тармактагы видеокайрылуусунда.
Камала Харрис ошондой эле америкалыктарды сөзсүз түрдө шайлоо участкаларына келүүгө чакырды. Саясатчы ар бир добуш маанилүү жана чечүүчү болушу мүмкүн экенин белгиледи. Ошондой эле ал жарандарга алдыдагы шайлоодо интернет-ресурстарды колдонуунун мүмкүнчүлүгүн эске салды.

Бөлүшүү:
Next Post

ТМУ саммити. Эртең Бишкектин айрым көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет

Эртең, 6-ноябрында Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги XI Саммити өтөт.Буга байланыштуу Бишкек жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө киргизиле турган чектөөлөр тууралуу Ички иштер министринин орун басары Нурлан Исмаилов Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 4-5-6-ноябрь күндөрү Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 11-саммити жана Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын мамлекеттик […]

Сизге жагышы мүмкүн