Камала Харрис Иранды АКШнын каршылашы деп атады

Автор

АКШнын президенттигине талапкер Камала Харрис CBS News телеканалына берген маегинде Американын каршылаштарынын ичинен кайсынысы негизги деген суроого жооп берди. “Менимче, бул ачык эле Иран”,-деди Харрис. Ал ошондой эле шайлоодо жеңип чыкса, анын саясатынын башкы артыкчылыгы Иранга өзөктүк курал алууга жол бербөө болорун кошумчалады.
АКШда президенттик шайлоо 2024-жылдын 5-ноябрында өтөт. Бул өлкөнүн тарыхындагы 60-президенттик шайлоо болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмү мыйзамсыз акча чогултушкан

Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүндө коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Жалал-Абад облусунун прокуратурасы жана Эсептөө палатасы тарабынан Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүндө текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүчү органдар (Эсептөө палатасы) тарабынан текшерүүлөрдүн жыйынтыгын жакшыртуу жана мыйзам бузууларды жаап-жашыруу максатында Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери өздөрүнүн ыйгарым укуктарын кыянаттык […]

Сизге жагышы мүмкүн