Камактагы Эрмек Маркабаев боюнча тапшырма берилди

Автор

Жогорку Кеңештин  бүгүнкү, 13-сентябрдагы жалпы жыйынында  депутаттар  Казакстанда камакта жаткан кыргыз жараны Эрмек Маркабаев тууралуу маселе козгоп, анын тагдырына кызыгышты. Балбак Түлөбаев акыйкатчыга издөө салып, “Эрмек Маркабаев боюнча Ысык-Көл эли тынчсызданып жатат. Анын чөнтөгүнө наашаны атайылап салып койгонун казак жарандары өздөрү айтып жатышат. Ал жигиттен кабар алган омбудсмен же, башка расмий өкүлдөр барбы? Протоколдук тапшырма берем, мага расмий жооп берип коюшсун”,- деди депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

Баткенге авиа каттамдын баасы 6 миң сомго чыкты

Баткен облусуна авиа каттамдын баасы 6 миң сомдон, барып-келиши 12 сомдон болууда. Анын үстүндө  каттамдар өтө аз. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Чолпон Султанбекова Баткендиктердин суроо талабын айтып, билеттин баасын арзандатуу жана каттамды көбөйтүү маселесин көтөрдү. Төрага Нурланбек Шакиев бул маселе  боюнча Акылбек Жапаров менен сүйлөшүлгөнүн, […]

Сизге жагышы мүмкүн