Калп айтуу да – оорунун бир түрү

Автор

Адам эмне үчүн жалган сүйлөйт? Эксперттердин айтымында, бул көрүнүш дайым эле адамдын мүнөзү менен калыптанып, башкаларды таарынтуу же жеке максаттары үчүн пайдаланган адамдык сапаты болуп эсептелбейт. Патологиялык калпычылар — жалган сүйлөөдөн арылуу үчүн оңою менен күрөшө албаган сейрек кездешүүчү оорулуулар. Шизофренияга чейин жеткирген дарттын себеби эмнеде?

Калп айтуу – чындыктан качуу, атайын жалган билдирүү жасоо. Бул боло турган көйгөйдү жашыруу, сын-пикирлерден алыс болуу, адамдардын жакшы көз карашына ээ болуу же коркуу сезими астында колдонулган ыкма. Айрымдар жалган сүйлөөгө батынбаса, кээ бирөөлөр үчүн бул абал жүрүм-турумдун өнөкөт түрүнө айланып калган. Акыркы кезде мифомания термини же калп айтуу, чындыкты дайыма бурмалоо зарылчылыгын пайда кылган психологиялык абал коомчулугубузда көбүрөөк байкалып жаткансыйт. Бул патологиялык калпычылыктын күнүбүздө бир канча себептери бар, адамдардын көпчүлүгү бул жоругун мойнуна алгысы келбейт жана ошол себептүү муну дарылоо керек дегенден качышат. Патологиялык калп айтуу деген эмне? Анын себептери кандай? Бул ооруну кантип таанууга болот?

Күнбү же түнбү, айтор, күнүмдүк турмушубузда стресс көп болот. Айрыкча социалдык чөйрөнүн кысымы астында, же психологиялык ден соолукка байланыштуу адамдардын жашоосуна чоң таасирин тийгизген ар кандай көйгөйлөр көбөйүп баратат. Мифомания ооруга чалдыгуу тенденциясы деп аталат, ага көптөгөн себептер болушу мүмкүн. Адамга көңүл буруу жетишпесе, өзүлөрүн маанилүү сезгиси келгенде же башкаларга таасирдүү болууну каалаганда калпты кошуп сүйлөшөт. Алар ар бир окуяны жана ар кандай кырдаалды жалган менен кооздоп, жадагалса калп айткандан ырахат алышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Мугалим жөнүндө учкул ойлор

Бүгүн, 5-октябрь – Мугалимдер күнү. Мугалим сокурга – көз, дүлөйгө кулак, караңгыга – чырак, жан дүйнөгө – азык берет. Мугалим чыныгы агартуучу, мугалим гана коомду аппак кылып тазалоочу бирден бир күч! *** Окуучуга мектептеги эң маанилүү кубулуш, эң үлгү болоорлук сабак, эң жандуу мисал бул – мугалим. (А. Дистервег) *** […]

Сизге жагышы мүмкүн