“Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаровдун Орусия жана Казакстандагы тарапташтарын тукурган, аларды үндөгөн чакырыктар соцтармактарда байма – бай чагылдырылууда. Кыргызстанды атайын кимдир бирөөлөр дестабилизацияга алып келүүгө аракет кылып жатышабы? Мындай абалды жараткысы келгендер УКМК нын көк союлунан кутулалбайт. Андыктан, Адахан Мадумаров укук жолу менен актыгын далилдегичекти азгырыктарга алданбаган жакшы деген пикир коомдо басымдуулук кылат. Негизи эле жарандарды саясаттын куралына айландырбоого мезгил келди.