Калифорнияда магнитудасы 7 баллга жеткен жер титирөө болду. Штатта өзгөчө кырдаал режими киргизилди
АКШнын Геологиялык кызматынын (USGS) маалыматына ылайык, эпицентр Атлантика океанында, Ферндейл шаарынан болжол менен 100 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Сейсмикалык активдүүлүктүн очогу болжол менен 10 чакырым тереңдикте болгон.
Жер титирөөдөн кийин штаттын континенттик бөлүгүндө 30дан ашык силкинүү катталып, алардын биринин магнитудасы 5,8 баллды түзгөн. Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшкөн жок.
Калифорнияда 12 миңден ашуун керектөөчү электр жарыгысыз калды.
Калифорния штатынын губернатору Гэвин Ньюсом жер титирөөдөн улам штаттын аймагында өзгөчө кырдаал режимин киргизүү тууралуу документке кол койду.
Анын айтымында, Калифорниянын бийлиги тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу жана аларды сактык чаралары жөнүндө өз убагында маалымдоо үчүн иш алып барууда.