Калемгерлер арасында “Алтын калем” улуттук сыйлыгы жарыяланды

Автор

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу менен  биргеликте  калемгерлерге арналган “Алтын калем” улуттук сыйлыгына сынак жарыялайт.

Бул сынак  Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен  “Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу” тарабынан акыркы жылдары үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.

Сынактын максаты  кыргыз тилинин нукура көркөмдүгүн, кыргыз тили баа жеткис байлыгыбыз экенин даңазалоо, кыргыз тилинде чыгарма жараткан акын-жазуучулардын мыкты чыгармаларын аныктоо, калемгерлердин талантын ачууга жана адабий жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат.

Сынактык чыгармалар  2023-жылдын 20-ноябрына чейин кабыл алынат.

Сынактык чыгармаларды окуп чыгуу жана баалоо 25-ноябрдан 10-декабрга чейин жүргүзүлөт.

-Жыйынтык 12-декабрь Улуттук адабият күнүндө чыгарылат.

Сынакка катышуунун шарттары:

-Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан жазылган кыргыз тилиндеги чыгармалар кабыл алынат;

-Катышуучулардын жаш курагы чектелбейт;

-Сынакка катышуу үчүн авторлор конкурстук иштери менен катар өзү тууралуу маалымат камтыган билдирмени сынактын чыгармаларын кабыл алуу мөөнөтү аяктаганга чейин тапшырышы керек.

Сынакка арыздарды электрондук почта аркылуу adabiyat.kg@gmail.com дарегине “Конкурска” деген белги менен жөнөтүү керек, эгерде кагазга түшүрүлгөн варианттар болсо (басма текстин) Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Бишкек шаарындагы дарегине алып келүүсү шарт. Дареги: Эркиндик бульвары 54. Сурап билүү үчүн телефон: 0312 62 39 24, 0708 50 28 80.

Конкурстук адабий чыгармалар:

Поэзия, проза, драма, балдар адабияты, адабий сын, котормо, орус тилинде жазылган чыгармалар).

Конкурстук чыгармаларды каттоого коюлган талаптар:

-Поэзия

– ырлар жана поэмалар, көлөмүнө жана тематикасына чектөө коюлбайт.

-Проза

аңгеме, повесть, роман, көлөмүнө жана тематикасына чектөө коюлбайт.

-Адабий сын

Тематикалык чектөө коюлбаган бүгүнкү күндөгү адабий процесстин өсүп-өнүгүү, өксүк маселелерин так-таамай чагылдырган адабий эмгектер, ошондой эле авторлордун чыгармаларына жазылган адабий сындар, көлөмүнө жана тематикасына чектөө коюлбайт.

-Драма

пьеса, драма, көлөмүнө жана тематикасына чектөө коюлбайт.

-Котормо

көркөм-адабий котормолор, көлөмүнө жана тематикасына чектөө коюлбайт.

-Балдар адабияты

Балдар ырлары, жомоктор, көлөмүнө жана тематикасына чектөө коюлбайт.

-Орус тилинде жазылган чыгармалар

Орус тилинде жазылган поэзия, проза, драма, көлөмүнө жана тематикасына чектөө коюлбайт.

-Сынакка берилген чыгармалар мурда китеп болуп чыкпаганы шарт.

Конкурска сунуш кылынган чыгармалар төмөндөгүдөй форматта кабыл алынат:

-текстик редактор WORD, шрифт Times New Roman, 14 кегль, интервалы 1,5;

Электрондук форматта жиберилген арыздар төмөндөгү эки форматтын биринде болууга тийиш: WORD же PDF;

-Конкурсту баалоо 10 баллдык система боюнча жүргүзүлөт.

Конкурстун жыйынтыгын жарыялоо жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи жыл сайын 12-декабрда Улуттук адабият күнүндө өткөрүлөт.

Конкурстун жыйынтыгы боюнча лауреаттар сыйланат.

Сыйлык  фонду 1 000 000 (бир миллион) сом.

-Эң мыкты поэзия, проза, адабий сын, мыкты драма жана мыкты котормо, эн  мыкты балдар адабияты жана эң мыкты орус тилиндеги чыгарма боюнча номинациянын ээлерине – 100 000 (жүз миң) сом, диплом жана баалуу сыйлыктар тапшырылат.

Аталган сыйлык фонду КР Мыйзамдарында аныкталган чегерүүлөрдү эске алуу менен берилет.

Эскертүү: Бардык жиберилген файлдардын аталышы катышуучунун аты-жөнү, файлдын мазмунуна ылайык башталууга тийиш: арыз, (поэзия, проза, драма, балдар адабияты, адабий сын, котормо, орус тилинде жазылган чыгармалар) өмүр баяны, сүрөт.

Плагиаттык, ачык айтылган уят сөздөрдү камтыган, ошондой эле улуттар жана диндер аралык араздашууну козуткан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чыгармалар конкурска кабыл алынбайт.

Уюштуруучу конкурска жиберилген бардык чыгармаларды жарым-жартылай же толугу менен жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернеттеги веб-сайттарга жана социалдык тармактарга сый акы төлөбөстөн жарыялаганга жана пайдаланууга укуктуу.

Чыгарманы конкурска жиберген адам авторлугу аныктыгына жооп берет. Конкурстун материалдары кайтарылбайт жана рецензияланбайт.

Уюштуруучу конкурска жиберилген чыгармаларды рецензиялабайт, кайтарып бербейт (эгер почта аркылуу кагаз жүзүндө жөнөтүлгөн болсо), авторлор менен талкууланбайт.

Уюштуруучу конкурстун шарттарына жооп бербеген чыгармаларды эсепке албайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Өкүлдөр палатасынын спикери кызматтан бошотулду: Украина боюнча шектелүүдө

Көпчүлүк добуш менен АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы спикери, Республикалык партиянын өкүлү Кевин Маккартини кызматтан алды. Бул АКШнын тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Маккартинин партиясынын мүчөсү Мэтт Гейц отставкага кетүү боюнча добуш берүүнү демилгелеген. Спикердин дарегине айтылган даттануулар арасында федералдык өкмөттү каржылоо үчүн убактылуу бюджеттин кабыл алынышы АКШга иш токтоп калуудан […]

Сизге жагышы мүмкүн