Кайра шайлоо: №13 Сузак округу боюнча 9 адам арыз берди

Автор

22-сентябрда ѳтѳ турган Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү (ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде) боюнча дагы бир талапкер Айдаров Ынакбек Эргешовичтен арыз түшкѳн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 22- августунда аяктайт.
Учурда тогуз адам талапкер болуу ниетин билдирди.
1. Кылычбаев Алтынбек Таирович
2. Энназаров Санжарбек Арзыкулович
3. Эрматов Нурдин Манапович (онлайн)
4. Максутов Манас Кутчубекович (онлайн)
5. Бегматов Бейшенбек Саматович (онлайн)
6. Сейдахматов Жыргалбек Орозбекович(онлайн)
7. Кошалиев Мелисбек Ысманалиевич
8. Сапарбаев Медербек Мусаевич
9. Айдаров Ынакбек Эргешович
Эске салсак, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан 2021-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Тазабек Икрамов 19-июлда өз ыктыяры менен депутаттык мандатын тапшырган.

Бөлүшүү:
Next Post

УКМК Ысык-Көлдө дрондун кулашы боюнча үн катты

Кыргызстандын учкучсуз учактары, анын ичинде Bayraktar аппараттары да баары толук, эч бири жабыркаган эмес. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учкучсуз учактарды башкаруучу экипаж коюлган тапшырманы аткарууга дайыма даяр экенин да кошумчалаган. «Бүгүн 14-августта Балыкчы полигонунда окуу-машыгуу учурунда жаңы тактикалык чакан дрон сыноодон өткөн. […]

Сизге жагышы мүмкүн