Кайра шайлоо: №13 Сузак округу боюнча 11 адам арыз берди

Автор

№13 Сузак округу боюнча шайлоого катышууга 11 адам арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын 16-августка карата берген маалыматында айтылат.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгусу келгендердин экөө аял.
№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 22- августунда, каттоо 2-сентябрга чейин аяктайт. Үгүт иштери 2-сентябрдан 21-сентябрдын таңына чейин жүргүзүлөт.
Аталган округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 22-сентябрга белгиленген. Бул аймактан депутат Тазабек Икрамовду Боршайком өзү жазган арыздын негизинде 19-июлда мандатынан ажыраткан

Бөлүшүү:
Next Post

Унут калган уңгулуу салт: Ак жоолук байланган түндүк

Маркумдун кара ашы аяктап, келген эл тарай баштады. Байбиче , жыйналган боз үйдүн түндүгүнө АК ЖООЛУК байлап, бошогон казандарга МАЙ ТОМУРУП,БООРСОК УУЧТАП салды да, жигиттерге кайрылып : — “Эрте күндү кеч кылбай ээлерине жеткирип бергиле, деди. Эне, эмнеге түндүкө ак жоолук байлап, бошогон казанга тамак салышты ? — деди, энесине […]

Сизге жагышы мүмкүн