Кечээ, 28-апрелде бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоо өтүп, анда, алдын ала божомол боюнча № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан Бекмурза Эргешов 10.000, № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан Илимбек Кубанычбеков 7.600 ал эми Баткен округу боюнча Бахтияр Калпаев 11.674 добуш менен алдыга озушту.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары катталган Оштон 13, Кара-Суудан 10, Баткенден 7 талапкер күч сынашышты. Эми үкөктөр 100 пайыз ачылып бүткөндөн кийин бюллетендер кол менен эсептелет. Андан кийин гана шайлоонун так жыйынтыгы чыгарылат.