Кайра шайлоо: Тизмеге 350 миңге жакын жаран катталды

Автор

28-апрелде өтө турган мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган шайлоочулардын тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шайлоочулардын тизмеси 8-апрелде 198 шайлоо участкасына илинет.
№2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 112 миң 495.
№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 125 миң 344.
№9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 111 миң 995.
Шайлоочулардын тизмесинен 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен, tizme.gov.kg сайтынан же шайлоо участогунда жарандар өзүн тактаса болот.
Борбордук шайлоо комиссиясы Баткен, Ош, Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 35 талапкерди каттаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда насыя берүүнүн көлөмү 40%га өстү

Жылдын январь-февраль айларында Кыргызстандын банктары тарабынан берилген жаңы кредиттердин көлөмү 40%га өстү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) басма сөз кызматы билдирди. Кредиттөө көлөмүнүн өсүшү соода тармагына жана керектөөчүлүк максаттарга берилген насыялардын көлөмүнүн өсүшү менен түшүндүрүлөт. Ошондой эле айыл чарбасын, өнөр жайды жана курулушту кредиттөөнүн кеңейиши белгиленди. “Ошол эле учурда […]

Сизге жагышы мүмкүн