Кайра шайлоо: Талапкердин саны сегизге жетти

Автор

№2 Баткен жана №9 Кара-Суу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкер болууга арыз бергендердин саны көбөйүүдө.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 14-мартка карата №9 Кара-Суу шайлоо округунан талапкер болууга арзы бергендердин саны төрткө жетти. Алар — Бакир Бакытбек, Ганишер Бадалов, Турдубек Орунбаев, Сталбек Ажимаматов.
Ал эми №2 Баткен шайлоо округунан Алимберди Бегматов, Кенеш Салихов, Бактыяр Калпаев, Максатбек Дыйканов депутатыкка талапкер болуу үчүн арыз берген.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге дайындалган. Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 26-мартта аяктайт.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖК депутаттары аймактарда шайлоочулар менен иш алып барат

Жогорку Кеңештин депутаттары аймактарга барып, шайлоочулар менен иш алып барат. Парламенттен билдиришкендей, тиешелүү токтомдун долбоору бүгүн, 14-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык, 2024-жылдын 18-мартынан тартып 20-мартын кошуп алгандагы мезгил жана 25-мартынан тартып 29-мартын кошуп алгандагы мезгил Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөө убактысы деп эсептелет. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн