Баткен, Кара-Суу жана Ош бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн көрсөтүүнү каалаган жарандарга документтерин кабыл алуу 28-мартта аяктайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы эскертет.
Маалыматка ылайык, 25 жашка толгон, шайлоо укугуна ээ, жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди көрсөтүү өзүн-өзү көрсөткөн учурда же шайлоо комиссиясынын чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
Талапкер өзүнүн жеке каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн коет.
Талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди каттоо үчүн тиешелүү документтерди берүү 31-март саат 18:00гө чейин кабыл алынат.
Үч райондо шайлоо 28-апрелде өтөт.