Кыргызстанда казинолорду кимдер иштетип жатканы тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтылды.
Жыйында «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Депутат Султанбай Айжигитовдун Кыргызстанда казинолорду кимдер иштетип жатканы тууралуу суроосуна Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов «Гранд казинонун» 80 пайыз үлүшү «Кыргыз Инвестмент энд Файненшиал Сервисез» компаниясына, 20 пайызы Азат Буркановго таандык экендигин айтты.
«Кристал казиносуна Уметалиев 37 пайыз, Айткулов 10 пайыз, Чубак Асанов 53 пайыз үлүшүнө ээлик кылат»,-деди ал.