Израилдин Газа тилкесин бомбалоосунан кеминде 11 078 палестиналык набыт болду, алардын 4 506сы балдар. Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
«Израиль агрессиясынын курмандыктарынын саны 11 078ге жетти, анын ичинде 4 506 балдар, 3 027 аялдар жана 678 улгайган адамдар», – деп билдирди департамент.
Дагы кеминде 27 490 адам ар кандай деңгээлдеги жаракат алганы такталды.