Каза болгон Иран президенти Мешхедде жерге берилди

Автор

Тик учак кырсыгынан каза болгон Ирандын президенти Эбрахим Раисинин сөөгү Иран Ислам Республикасынын түндүк-чыгышындагы Мешхед шаарындагы Имам Реза мавзолейине коюлду.
Ирандын тургундарынын президент менен коштошуу жөрөлгөсү буга чейин өлкөнүн бир катар шаарларында өткөн. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына өлкөнүн бардык аймактарынан бир нече миллион адам катышты. Иш-чарадан кийин дагы үч миллионго жакын адам шаардын көчөлөрүндө жүрүштү.

Mass Image Compressor Compressed this image. https://sourceforge.net/projects/icompress/ with Quality:80

Бөлүшүү:
Next Post

Нарында жер титирөө катталды

Кыргызстанда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 24-майда түнкү саат 3:39да өлкө аймагында очогунда күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. «Жер титирөө Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылында 2,5 баллга чейин сезилген»,-деп жазылат маалыматта. Алдын ала маалыматка караганда жабыркагандар жана кыйроолор катталган […]

Сизге жагышы мүмкүн