Казань шаарында БРИКС XVI саммити башталат

Автор

Бүгүн, 22-октябрда XVI БРИКС саммити Казань шаарында Россия президенти Владимир Путиндин төрагалыгы астында башталат. Дүйнөлүк көпчүлүк өлкөлөрдүн лидерлери планетадагы курч кризистерди жана БРИКСке жаңы мамлекеттерди кошууну талкуулашат.
Алгачкы жолу саммит “ондук” форматында өткөрүлөт. “Ондуктун” курамына Бразилия, Россия, Индия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы, Египет, Иран, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Аравиясы жана Эфиопия кирген.
Казань шаарына БРИКС менен кызматташууга кызыкдар болгон глобалдык Түштүк жана Чыгыш өлкөлөрүнүн башка өкүлдөрү дагы келишет. Жалпысынан 36 өлкөнүн жана 6 эл аралык уюмдун катышуусу күтүлүүдө. Иш-чарага БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш да келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Каралоолорго маани бербеген Элдар Сулайманов

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов өзүнүн билими, бийик интеллектуалдык касиети аркылуу элдин оозуна алынып жатканы ырас. Айрым депутаттарга окшоп, шайлоочуларынын нааразычылыгына кала элек. Арийне, Жогорку Кеңеште анын кадыр – баркы өсүп жатканы кимдир бирөөлөрдү капа кылып жатканы белгилүү. Дегеним, анда санда өзүнө кошуп, атасы Нурлан Сулаймановду да каралоо аракетин көрүп […]

Сизге жагышы мүмкүн