Казанда БРИКС эл аралык спорттук оюндары башталды

Автор

Татарстандын Казань шаарындагы “Казань Экспо” салтанат залында БРИКС эл аралык спорттук оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аземге департаменттин директору Айбек Абдымомунов, Россиянын спорт жана туризм министри Михаил Дегтярев жана Татарстан президенти Рустам Минниханов катышты.
Ачылыш аземде өлкөлөрдүн парады болуп, Кыргызстандын желегин самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Жамалбек Асылбек уулу көтөрүп чыкты.
Спорттук иш-чарага Кыргызстандын атынан 100дөн ашык спортчу 14 спорттун түрүнөн (ушу-саньда, ушу таолу, самбо, каратэ-до, жеңил атлетика, сууда сүзүү, шахмат, байдарка жана каноэ менен сүзүү, бокс, көркөм гимнастика, кураш, бел боо күрөшү, дзюдо, теннис) катышууда.
Жалпы 97 өлкөдөн келген 4751 спортчу 29 спорттун түрүнөн күч сынашат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ак Үйдүн алдында жаңы фонтандар ачылды

Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында жаңы фонтан ишке берилди. Фонтандын ачылышына министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров, төрага Нурланбек Шакиев жана парламенттин депутаттары катышты. Маалым болгондой, курулуштун насостук системалары оңдоого муктаж болгон. Эки айдын ичинде президенттик аппарат фонтанды реконструкциялап, капиталдык оңдоодон өткөрдү. Жалпысынан 11 борбордук электр насостору, суунун жарыгын алмаштыруучу пульт, […]

Сизге жагышы мүмкүн