Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди.
Аны “Ысык-Көл” эл аралык аба майданынан Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Касым-Жомарт Токаев 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин Президентинин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн келди.
Жум Июн 2 , 2023
Европалык Кеңештин президенти Шарл Мишел жана Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммед Аманнепесов Кыргызстанга келишти. Коноктор 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин Президентинин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн келишти. Бөлүшүү: