Бириккен Улуттар Уюмунун билим, илим жана маданият маселелери боюнча мекемеси (ЮНЕСКО) казактардын “Беташар” салтын материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизди. Бул тууралуу ЮНЕСКОнун X социалдык тармагында жарыяланган билдирүүсүндө айтылат.
Казакстан Республикасынын мамлекеттик кеңешчиси Ерлан Кариндин маалыматына ылайык, мындай чечим уюмдун комитети Парагвайдын баш калаасы Асунсьондо өткөрүлгөн атайын жыйынында кабыл алынды.
Беташар – бул той учурундагы келиндин «жүзүн көрсөтүү» салты. Бул салт келинди күйөөнүн туугандарына тааныштыруу максатында өткөрүлөт. Келиндин жүзүн жоолук менен жаап, коноктордун алдына чыгарышат жана ал таазим кылат.