Казакстан Ноокатка гуманитардык жардам жөнөттү

Автор

30-июнда саат 22:30да Казакстандан Ош шаарына гуманитардык жардам келди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, гуманитардык жардамды министрдин орун басары А.Мазарипов, Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары И.Ташбаев, Казакстандын Ош шаарындагы консулу М.Карыбай жана Казакстандын Жамбыл облусунун ӨКМ башкармалыгынын директору А.Токанов кабыл алышты. Гуманитардык жардамга күнүмдүк тиричилик буюмдары жана азык-түлүктөр кирет.

Бөлүшүү:
Next Post

Кимдер алдыда келатканы айтылды

Кечээ, 30-июнда бир мандаттуу Ноокат, Ысык-Көл жана Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Анын жыйынтыгы боюнча шайлоочулардын 44,99% добушун алып, Ноокаттан Бакытбек Марипов жеңиши мүмкүн экендиги божомолдонууда. Ысык-Көл шайлоо округунан болсо, Айжигит Тыналиев алдыда. Ага 16,04 пайыз шайлоочулар добушун беришкен. Ал эми Свердлов району боюнча Жумабек […]

Сизге жагышы мүмкүн