Токаевдин Монголияга мамлекеттик сапарынын алкагында Жерди алыстан зонддоо спутниктери боюнча биргелешкен ишти баштоого жол ачкан маанилүү келишимге кол коюлду.
Казакстан менен Монголиянын спутниктерди көз карандысыз башкаруусу ар бир өлкөгө жаратылыш ресурстарын мониторинг кылуу жана айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн зарыл маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берери айтылды.
«Бул Казакстандын өзүнүн инженерлери тарабынан иштелип чыккан спутнигин экспорттоосунун биринчи учурлары болуп саналат. Спутник Монголиянын муктаждыктарына ылайыкташтырылып, аймактык спутник инфраструктурасын чыңдайт жана Казакстандын космос технологиялары боюнча өсүп жаткан потенциалын билдирет»,-деп билдирди Казакстандын санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөр жайы министри Жаслан Мадиев.