Казакстан менен Өзбекстандын чек арасында 310 метрлик туннель табылды

Автор

Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери Чек ара кызматы жана “Ташкент-Аэро” адистештирилген бажы комплексинин кызматкерлери биргеликте Индиядан Казакстан аркылуу Өзбекстанга сапаты кепилденбеген дарыларды мыйзамсыз ташып келген трансчегаралык кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн аныкташты.
“Дели – Ташкент – Алматы” каттамы менен дары-дармектер жеткирилип, аларды Казакстандын Түркестан облусунун Сарыагаш районунан Ташкент облусуна туннель аркылуу алып өтүшкөн.
Укук коргоо органдары кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн далил катары 107 аталыштагы 17 048 дары-дармек , анын ичинде Индияда өндүрүлгөн Альбумин, Ремдесивир, Меропенем дарыларын алышкан.
Узундугу 310 метр болгон туннель вентиляция системасы менен жабдылган, ал эми аткезчилер жүктөрдү ташуу үчүн арабаларды колдонушкан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр камакка алынды.

Бөлүшүү:
Next Post

Бангладештин жарандары чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган

Жалал-Абадда Бангладештин жарандары чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Маалыматка ылайык, 25-июнда Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын жана УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Бангладештин 11 жараны Өзбекстандан Кыргызстанга чек араны мыйзамсыз кесип өткөн учурда кармалды. Белгиленгендей, […]

Сизге жагышы мүмкүн