Бүгүн, 31-октябрда Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Кыргызстанга расмий сапарын «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинен баштады.
Жогорку кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Мажилис төрагасы 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондорго арналып тургузулган эстеликке, ошондой эле жазуучу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүлчамбар коюп, маркумдарды эскерди.
Иш сапардын алкагында Эрлан Кошановдун Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен сүйлөшүүлөрү, ошондой эле Парламенттер аралык кызматташтык кеңешинин жыйынына катышуусу пландалууда.