Казакстан Киевге учактарды бергенин четке кагууда

Автор

Казакстан Киевге эксплуатациядан чыгарылган согуштук учактарды өткөрүп бергенин четке кагууда
Казакстан советтик куралдарды Украинага запастык бөлүктөргө өткөрүп берүү үчүн сатпаганын, тараган маалыматтар чындыкка дал келбей турганын «Казспецэкспорт» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү билдиришти.
Компания билдиргендей бардык учактар, тетиктер жана агрегаттар өздөрүнүн аймагында утилизацияланат. Территориядан түстүү металл сыныктары түрүндө гана чыгарылат.
Буга чейин Интернетте казак тарап февраль айында белгисиз сатып алуучуга утилизациялоо үчүн 81 учак сатканы тууралуу маалыматтар пайда болгон.
Астана бул маалыматтар чындыкка дал келбейт деп билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек шаары тууралуу кызыктуу фактылар

1878-жылы Туркестан губернаторлугу Пишпек айылына расмий шаар макамын берет. Буга Токмоктон бардык уезддик кеңселердин Пишпекке көчүрүлүшү себеп болгон. Дал ушул убакыттан тартып, Кыргызстан борборунун тарыхы эсептеле баштайт. Бишкек Кыргызстандын калкынын саны 1 миллиондон ашкан жалгыз шаар. Бул жердеги үйлөрдүн көбү СССР учурунда курулгандыктан, сыртынан Кыргызстандын борбору Орусиянын шаарларына абдан окшош. […]

Сизге жагышы мүмкүн