Казакстан жарандыгын алуу үчүн казак тилин билүү зарыл

Автор

Казакстанда жарандык алуу үчүн казак тилин белгилүү бир деңгээлде билүүнү талап кылган жаңы мыйзам күчүнө кирди.
Казакстан Республикасынын Билим берүү министринин “Казакстан Республикасынын жарандыгын алуу же жарандыгын калыбына келтирүү учурунда мамлекеттик тилдин элементардык деңгээлде билими, Казакстан Республикасынын Конституциясынын негиздери жана Казакстандын тарыхы боюнча билимдер боюнча буйругу” 12-октябрда күчүнө кирди.
Документке ылайык, жарандыкты алуу же калыбына келтирүү учурунда мамлекеттик тил боюнча билими 36 баллдан, Казакстан Республикасынын Конституциясынын негиздери боюнча 9 баллдан, Казакстандын тарыхы боюнча 15 баллдан кем болбошу керек.
Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Билим берүү министринин орун басарынын карамагында болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров жергиликтүү кеңештерге шайлоо боюнча кайрылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-октябрда алдыда боло турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу кайрылуу жасады. Үгүт кампаниясы эртең башталат, ал эми шайлоо 17-ноябрда өтөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Мамлекет башчысынын кайрылуусу: «Урматтуу мекендештер! Баарыңыздарга маалым, үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында Кыргызстандын жалпы жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо болот. Административдик-аймактык реформага байланыштуу жергиликтүү […]

Сизге жагышы мүмкүн