Казакстан жакында республикадагы биринчи атомдук электр станциясын (АЭС) куруу боюнча келишимдерди түзүп, экинчи жана үчүнчү станцияларды куруу үчүн жерлерди аныктайт. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов президент Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында өткөн өкмөттүн кеңейтилген жыйынында билдирди.
“Жакынкы убакытта Алматы облусунда биринчи АЭСти куруу боюнча керектүү келишимдерди түзөбүз. Ошондой эле экинчи жана үчүнчү АЭСти курууга мүмкүн болгон аймактарды аныктоо боюнча анализ аяктап жатат”,-деди Бектенов.
Казакстанда 2024-жылдын 6-октябрында өлкөдө биринчи атомдук электр станциясын куруу маселеси боюнча республикалык референдум өткөн. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, долбоорду шайлоочулардын 71,12 пайызы колдогон.